Кечээ, 27-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мониторинг жана анализ борборунда, видео конференция аркылуу Атайын комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, отурумда соттолгондор үчүн режимдин ордун жана түрүн аныктоо, ошондой эле режимдин түрүн өзгөртүү маселелери талкууланды.
Иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча, жазык-аткаруу кодексинин 74-беренесине ылайык, жазаны өтөө режиминин орду жана түрлөрү 12 адамга карата, ал эми жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесинин 4-пунктунун негизинде, белгиленген тартипти бузган тогуз адамга карата аныкталып, жазаны өтөө тартиби, жазаны өтөө режиминин түрлөрү өзгөртүлдү.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын атайын комиссиясы, Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке байланыштуу аны Бишкек шаарында жайгашкан жалпы режимдеги №47 мекемесине жазасын өтөөгө жиберүүнү чечти.
Эске салсак, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясынын курамына Байкоочу кеңештин өкүлдөрү кирген.
булак: bars.media