Домой Саясат Алмазбек АТАМБАЕВ, КР Президенти: «Бийликтен өз убагында кетип жана парламенттик башкаруу формасына...

Алмазбек АТАМБАЕВ, КР Президенти: «Бийликтен өз убагында кетип жана парламенттик башкаруу формасына өткөнүбүз жакшы»

321

1036407688

 

20-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өзүнүн президенттик кызматтагы алты жылдык ишмердүүлүгүн жыйынтыктаган маалымат жыйынын өткөрдү. Журналисттер тарабынан жолдонгон бардык суроолор жоопсуз калган жок. Эң башкысы мамлекет башчысы берилген суроолорго ачык-айрым, так жооп кайтарды.

Ал өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктап атканын жана бул кызматты өткөрүп берүү менен бир топ жеңилдей түшөөрүн жашырган жок. Себеби, ал буга чейин дагы алты жылдык мөөнөт айрым учурда 26 жылга тете болуп кеткенин билдирген.

 

Кыргыз элинин канында демократия бар

«Толук парламенттик өлкөлөрдө, айрым мамлекеттерде президент парламент тарабынан шайланат, айрымдарында, мисалы Германияда парламент жана эл өкүлдөрү тарабынан шайланат. Бул көбүрөөк туура жол деп эсептейм. Азыр мына элдик курултай боюнча мыйзам иштелип атат. Бирок, бул жерде шашылбаш керек. Бирок, 2040-жылы албетте, биз акырындык менен буга өтүшүбүздү каалайм. Себеби, дүйнөнүн 53 өнүккөн өлкөлөрүнүн 51и парламенттик башкаруу формасындагы өлкөлөр. Болгону эки мамлекет гана президенттик башкарууда – АКШ жана Франция. Ал жакта да бул маселе көтөрүлө баштады. Мисалы, АКШда. Ал жакта бийлик президенттик башкаруу формасында болгону менен, парламентсиз (конгресс) президент бир да кадам жасай албайт», — деди Алмазбек Атамбаев.

Ал Кыргызстан Германиянын модели менен кетиши керек экендигин, себеби ал жол көбүрөөк оптималдуу экендигин белгиледи. «Велосипед ойлоп табуунун кереги жок, муну заматта жасоонун да кереги жок. Башталышында биз шайлоо боюнча Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Мен азыркы парламентти «олигархиялык» парламент деп атайм. «Республика-Ата Журт» фракциясын алгыла, ал жакта 99% байлар. Андыктан мыйзамдар бүгүнкүдөй болбошун караш керек: тизме боюнча башкалар, ал эми парламентке башкалар келет. Тизмеде улуттар түрдүү, интеллигенция, журналисттер, ал эми жыйынтыгында парламентке капчыгы калыңдар келет. Улам алдыга кадам жасап туруш керек, бирок, албетте 2040-жылы биз толук парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек», — деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Парламенттик башкаруу формасы кыргыздарда тээ эзелтеден эле бар экендигине токтолду. «Бизде жадакалса Манасты хан кылып шайлашкан. Манасты хан кылып шайлашкан дагы, аскерди башкасы башкарган. Биздин каныбызда көчмөн демократия бар. Бизге кандайдыр бир жаңы нерсени ойлоп чыгаруунун кереги жок, биз ушундай жол менен эле кетишибиз керек. Биз каныбызда демократпыз. «Ордо» оюнун алалы. Муну элибиз ойноп келген. Айлананы чийип алат дагы, анын борборунда хан, султан, падыша болот. Анан аны кууп чыгарыш керек. Башкача айтканда бизди бала кезибизден ханды, султанды, падышаны кууп чыгарууга үйрөткөн. Бул биздин каныбызда бар. Андыктан өз убагында бийликтен сый менен кетиш керек», — деди Алмазбек Атамбаев.

sinequanone online.  

Аял жакшы, эр жакшы

Үй-бүлөлүк башкаруу деген кандай болорун бизге А. Акаев менен К. Бакиев эң сонун көргөзгөн. Өзгөчө А. Акаевдин өмүрлүк жары Майрам Акаева күйөөсүнүн бийлигинин эки тизгин, бир чылбырын өзү колуна алып, кадрларды кандай коюш керек экендигин өзү чечип калганын көп айтып келишет.

Ал эми Алмазбек Атамбаев бийликке өзүнүн үй-бүлөсүн таптакыр аралаштырган жок. Биринчи леди Раиса Атамбаева да мамлекет башчысынын ишине кийлигишкен жок. Эгерде Майрам апчебизге окшогон бийликти сүйгөн айым болгондо, балким ал да Атамбаевдин экинчи мөөнөткө калуусун тымызын пландаштырмак. Бирок, андай аракет жасалган жок.

Ошондон улам журналисттер тарабынан биринчи лединин А. Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап, кызматын тапшырып бере тургандыгын кандай кабыл алганы боюнча суроо жолдонду. «Биринчи леди чындыгында кубанып атат. Ачык эле айтайын, ал азыр катуу кубанып турат жана мен да кубанып турам», — деди Алмазбек Атамбаев.  Ошондой эле ал «Манас» аэропортуна жакын «Дача СУ» айылына кулаган учакта Атамбаевдин баалуу буюмдары болгон экен деген ушак, имиштер таркаганда Раиса Атамбаева жарым жыл капельница алып жатканын кошумчалады.

 

Жаңы кодекстер күчүнө киргенде сот реформасы да да ишке кирет

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы 5 жылда сот системасын каржылоо беш эсе көбөйгөнүн, азыркы тапта Жогорку соттун имараты бийликтин башкы органдары – президент, парламент жана өкмөттүн имараттары менен катар жайгашканын билдирди.

«Башкысы, биз 7-8 кодексти бир нече жылда иштеп чыктык, өтө чоң акча кетти. Эгерде алардын баарын бирге койсок, тоодой болот. Качан ошол кодекстер иштеп баштаганда, реформа да ишке кирет, себеби мыйзамдардын өзүндө соттордун коррупциясы кирип калган. Мисалы, же акчалай айып салса болот, же 25 жылга түрмөгө кетирсе болот. Соттордо да, соттолуучу да тандоо кеңири. Соттолуучу мындайда эмне кылат? Түшүнүктүү… Эки жыл калды, алар күчүнө кирет», — деди мамлекет башчысы.

 

Келечекте жетим балдар үйү болбошу керек

Президент Алмазбек Атамбаев жумуштун өтө көп болгонунан улам жетим балдарды караган чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугуша албай калганын айтты. «Мен бул убакытта өтө көп иш менен алек болдум жана бир гана нерсени жасаганга үлгүрдүм – мен коомдук башталышта жетекчи болгон адабият фондунун кеңсесин бөлүп бердим. Кеңсени волонтерлорго бердим. Анда 3 бөлмө болгон, аны оңдошту. Волонтерлор иштеп атат», деди ал.

Ошондой эле мамлекет башчысы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары боюнча маселе туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук стратегияга киргенин кошумчалады. «Бул маселе Улуттук стратегияга киргенин мага айтып атышат, себеби, албетте келечекте балдар үйлөрү болбошу керек. Эгерде бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салсак, адамдар өздөрү эли жетимдерди алып кетишет. Мурда балдар үйлөрүндө кыргыздардын балдары болгон эмес. Карылар үйүндө да карылар болгон эмес. Эски салтты эстеш керек», — деди Алмазбек Атамбаев.

 

Эски саясатчылардын эми таасири болбойт

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин «Мен өзүм менен кошо эски саясатчыларды алып кетем» деген сөзү бар эле. Ар сөз турмушта да жүзөгө ашканын коомчулук көрүп турат. Бул тууралуу мамлекет башчысы: ««Эски саясатчыларды алып кетем» деген сөз эки мааниде болгон. Алардын бардыгын камайм, же жок кылам дегендик эмес. Негизи алар саясаттан кетишти. Алар эми саясатта таасир эте алышпайт. Мен чындыгында аларды ала кеттим. Эски саясатчылар эми эмнелерди айтпасын, эми алардын эч кандай таасири болбойт. Келечек башка, жаш саясатчылардыкы. Эски саясатчылардын Сооронбай Шарипович өзү калды. Бирок, ал саясатчы эмес, күжүрмөн иштерман. Анын кайсы бир нерсеге даярдоонун кереги жок. Ал менин жанымда 22 жыл болду. Ким кандай экенин билет. Эски саясатсылар канча жашта болсо да, алардын эми келечеги жок», — дейт мамлекет башчысы.

Ооба, ырасында эле азыркы тапта элибиздин аң-сезими бир топ өсүп калды. Эми мурдагыдай болуп курулай популизм менен элди алдоого мүмкүн эмес. Парламентте отуруп бизнесин өнүктүргүсү келгендерди да элибиз билип калды. Анын үстүнө эми бийликте туруп, өзүнүн жеке бизнесин гүлдөтүү аракети да жүзөгө ашпайт. Себеби, бардык жагдай коомчулуктун көз алдында турат. Андыктан, А. Атамбаевдин алты жылдык ишмердүүлүгү Кыргызстанды жаңы нукка бурганы, таптакыр башка мамлекетке айландырганы айныгыс чындык.