Домой Саясат Алмазбек Атамбаев кан басымы төмөндөп кетти

Алмазбек Атамбаев кан басымы төмөндөп кетти

50

«Жолукканыбызда ал мага кан басымы 76/60ка түшүп калганын айтты. Өткөн жумада 90/60 болуп жаткан. Дарыгерлер күн сайын анын кан басымын текшерип, бизге маалымат берип турчу. Акыркы күндөрү бизден жашырып жатышат».

Адвокаттын айтуусунда, көз карандысыз дарыгерлер кан басымдын минтип төмөндөөсү инсульт, инфакрт же дагы башка күтүүсүздүктөргө алып келиши ыктымалдыгын билдиришкен.

Мурунку президенттин саламаттыгы начарлап жатканын анын уулу Кадыр Атамбаев да фейсбуктагы баракчасына жазган. Ал атасы ден соолугун аябай, эл үчүн кызмат кылганын белгилеп, Алмазбек Атамбаевдин айыгып кетүүсүн тилеп коюуну мекендештерден өтүнгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана башка бир катар беренелер менен айыпталган. Анын ичинде былтыр 8-августта Кой-Таш айылындагы окуяга байланыштуу да иш бар.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 8-августунда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы аркылуу кармалып, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында камакта.

Булак: Азаттык