Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанда расмий визит менен жүрөт. 1-февралда мамлекет башчысы аталган өлкөнүн жетекчиси Эмомали Рахмон менен жолугуп, бир катар келишимдерге кол койду. С.Жээнбековдун коңшу мамлекетке жасаган бул сапары канчалык жемишин берет деп ойлойсуз?
— Кыргызда “алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” деп коёт. Колдон келсе коңшуларыбыз менен жакшы мамиледе жашашыбыз керек. Тажик эли менен тарыхыбыз бир, кылымдардан бери эриш-аркак жашап келебиз. Ортодогу маселелерди чогуу чечип, тышкы коркунучтарга чогуу күрөшөлү. Сооронбай Шариповичтин сапары деле ушул максатта жасалды деп ойлойм.
— Акыркы кездери коңшу мамлекеттер менен мамиле жандана баштады. Бул Кыргызстандын өнүгүшүнө канчалык таасирин берет деп эсептейсиз?
— Буга чейин президент Өзбекстанга да расмий сапар менен барып, алар менен да мамиле оң жолго коюлду. Жаңы президент Казакстан менен мамилени бекемдеп жатат. Жээнбековдун Россияга жасаган иш сапары жемиштүү аяктады. Бул жакшы көрүнүш. Өлкө алдында чоң милдеттерди коёр алдында саясатта реалдуу партнёрлорду табышыбыз керек. Менин оюмча, Сооронбай Жээнбековдун бул тышкы саясаттагы вектору болуп калды. Ал өз жемишин берет.