— Президент Сооронбай Жээнбеков 6-мартта өлкөдөгү басма сөз өкүлдөрү менен жолугушту. Анда мамлекет башчысы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Россия Кыргызстан үчүн маанилүү жана таяныч өлкө катары кыла берерин билдирди. Муну менен президент тышкы саясатта Россияга өзгөчө маани бериле турганын билдирди. Тышкы саясатта Россияга өзгөчө маани берүү туура элеби?
— Менин оюмча, президент абдан туура айтты. Бизде андан башка тандоо деле жок. Анткени, Россия менен кызматташтыгыбыз тыгыз. Аталган мамлекетте 1 млн. мигранттарыбыз эмгектенип, өз оокаттарын кылууда. Тарыхый катышыбыз да терең. Мындан сырткары Россия Кыргызстанга көптөгөн жардамдарын берип келет. Карызыбызды кечти, арзан мунай, газ менен камсыздап жатат.
— Ошол эле кезде тышкы саясаттагы мындай векторду сындап, өнүккөн Европа мамлекеттерине ыкташ керек дегендер бар. Мүмкүн АКШ сындуу мамлекеттер менен мамилени бекемдесек алдыга жылабыз?
— АКШ, Европа сыяктуу башкалар менен да мамиле болушу керек. Президент, өкмөт бул багытта да иштеши зарыл. Кытай, Европа, АКШ менен да кызматташтыкты арттыра берген туура. Ага эч ким тоскоол болбойт. Эгемендүү мамлекет катары тандоо бизде. Ошентсе да, Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз бойдон калышы керек.