Домой Саясат Алмаз Мамбетов милицияга арыз жазды

Алмаз Мамбетов милицияга арыз жазды

48

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов 6-декабрда Ички иштер министрлигине жасалма номурду бир нече автоунаада пайдаланып жүргөн факты боюнча чара көрүүнү суранып арыз жазган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамбетов жеке адамдын маалыматы тууралуу ЖМКга жалган маалымат таратылганына байланыштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборундагы айрым кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган.

Арыз боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 320-берененин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.