— Алмаз мырза, лидериңер Канат Исаев спикерликке көрсөтүлүп жатат. Сиздер аны фракцияда лидер болгону үчүн эле колдоп жатасыздарбы же анын башка дагы артыкчылыктары барбы?
— Мен Канат Исаев менен узак жылдардан бери жакын мамиледе болуп, достошуп келем. Идеябыз, алган багытыбыз бир. Канат биринчиден, сөзүнө турган бекем жигит. Өнөр жайлуу Токмок шаарына 33 жашында мэр болду. Андай ийгиликке жетүү оңой эмес да. Ага чейин жаш кезинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан, ал кезде бир округдан шайланып келүү системасы иштеп турган, анда да колдоп, жанында жүргөнбүз. 35 жашында “Республика” партиясын түптөгөн бирден бир адам болуу менен 5-чакырылышта депутат жана көпчүлүк коалициянын лидери болду, депутат катары өзүн жакшы көрсөтө алды. Кандай маселе болсо да, өзүнүн көз карашын так айтат. Мисалы, 2010-жылдан кийин Байболов Башкы прокурор болуп турганда, анын аялы Нуржамал Байболовага катталган мүлк “Мегакомго” өткөндүгү боюнча маселе көтөрүп, ал ишти комитетке алып чыгып, акыры Байболовду жумуштан кетирүүгө чоң салым кошкон.
Бекназаров да Башкы прокурор болуп турганда, ал менчиктештирүүгө өткөргөн мүлктөр эмне үчүн толук эмес, 50 эле пайызга өтүп калгандыгын биринчилерден болуп айтып чыккан. Темир Сариевге Балыкчы-Корумду жолу боюнча тендердин мыйзамсыз өткөндүгүн, ал жерде 1 млрд. 200 миң сомго жакын акча айырма чыгып калганын мындан 5-6 ай мурун тайманбай айтып, акырында ал маселе боюнча жемкорлуктун бетин ача алды десек болот. Мындай чоң маселелерге ар бир эле саясатчынын күчү, аракети жете бербейт. Ал үчүн биринчиден, жеке кызыкчылыктан жогору туруп, мекенчил болуу абзел. Мына ушундай сапат биздин лидерде бар. 35 жашында депутат болсо, 38 жашында Кыргызстандагы эң чоң облустарынын бири Чүйдү 1 жылдай башкарып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алды. Өткөн жылы, шайлоого 3-4 ай калганда “Кыргызстан” партиясын алып чыгып, кыска убакыттын ичинде элдин ишенимине киргизүүгө чоң аракеттерди көрүп, натыйжада биздин партия Жогорку Кеңешке өтүп келип, 18 мандатка ээ болду. Мына ушундай ийгиликтер Канаттын ишмердүүлүгү, уюштура билгендиги менен жаралды десек аша чаппайбыз. Спикер болуп калса, Жогорку Кеңештин аброюн көтөрүүгө өз тажрыйбасы менен жакшы салым кошот деген ишеничтемин.
— Досуңуздун жакшы жагына, жакшы ишине кенен токтоолдуңуз. Эми кемчиликтерин ачык айта аласызбы?
— Мен анын кемчиликтерин айтканым туура эмес болуп калат го. Бирок, менин бир байкаганым мындай. Канат өзүнүн беттеген маселесинин аягына чыкмайынча жаны тынбайт, кылычын сууруп чыкса, кайра артка кетпейт. Эми муну кемчилик деп айтсак туура болобу же болбойбу, аны билбейм. Айтор, чоң саясатчылар 5-чакырылышта Канатка: “Канат, өзүңдү кармай бил, артты көздөй токтоп чегингенди да үйрөнүшүң керек”, — деп айтканда, мен Канаттын андай позициясын колдочумун. Себеби, бүгүн бир позицияда, эртең башка бир позицияда жүргөн саясатчылар көп болуп жатпайбы. Биз Канаттын өзүнө да: “Бир нерсени баштаганда, сөзсүз эле өжөрлүк менен эмес, кичине маселенин аяк-башы ачыкталганча же кайсы бир адамдын кемчилиги чыкканда, ал аныкталмайынча бир аз сабырдуу бол”, — деп айтып калабыз. Ошондой эле Канат достордун арасында ар кандай маселе боюнча өз оюн көбүрөөк далилдей алат.
— Саясатка аралашканына аз эле болгон (10 жылга жете элек) досуңузга учурда жеке кызыкчылыктар тууралуу кара пиар абдан көп ЖМКда айтылып, жазылып жатат. Бирок, анын баарын тең кара пиар деп да айтуу кыйын, арасында бекер жерден айтылбагандар да бар. Маселен, 20 жылдан ашык чоң саясатта жүргөн жаңы премьер Сооронбай Жээнбековго эч кандай деле кара пиар айтылган жок. Коомчулук колдоду, мактады дегендей. Мына ушундан улам да салыштырып байкасак болот го…
— Мен сенин бул оюң менен толук макулмун. Эмне себептен? Жеке кызыкчылыктар боюнча айтсак. Исаевди колдогон “Империал-Групп” компаниясы Балыкчы-Корумду жолун салуу боюнча тендерге катыша албай калган деп жатышат, эгер тендерге катышкан болсо, анда айырма болуп жаткан 1 млрд. 200 млн. эмес, андан аз сумма айтылып калмак. Бул маселени тергөө болгондо, күнгөй-тескейин аныктап чыгат деп ойлойм. 5 ай мурун жол маселесинде айтылган кемчиликтерге тоготпостук менен мамиле кылбай, учурунда чара көрсө болмок. Сен айткан кара пиарларды чыгарып жаткан ортодо башка дагы күчтөр бар. Баары болбосо да, көбү жалган, ойдон чыгарылган.
— Бакыт Төрөбаев тууралуу эмне айтасыз, ал деле бир кездеги досуңуз болчу да…
— Төрөбаевди депутат катары абройлуу экенин жакшы билем. Бир партияны түптөп, жеңишке жетип, парламентке алып келгени да чоң жетишкендик. Эми анын кемчиликтерин жакшы эле билебиз, бирок анын баарын ачык айта баштасам, этикага туура келбей калат. Сен айтмакчы, мен айтсам, бул да кара пиар болуп калат.
— Спикерлик маселесинде ачык айтканда өткөн жуманын бейшемби күнүнөн бери соодалашуу жүрүп жатат. Ошол күнү эле бүтө турган маселени айрым кесиптештериңиз, бир топ депутаттар фойеден тамекисин бурулдата тартып, кофелерин шарылдата ичип, жыйын залына эми кирип баратышса, жанталашып атайы эле кворум жок деген шылтоо менен бүгүнкү күнгө калтырып коюшту. Көбү түшүнбөй да калышты. Муну баарыбыз көрүп турдук, бул жерде чынында чоң оюн болуп жатканын четке какпайсыз да…
— Соодалашуу дегенден алысмын. Консультация жүрүп жатат. Соодалашуу маселеси такыр башка да… Ал эми кворум (күлүп) тууралуу айтсак, спикерди шайлоо маселесин кийинки жумага калтыралы деген айрым депутаттардын демилгесинин ишке ашканы деп койсок болот.
— Сиз парламентте ЖКнын Эл аралык комитеттин төрагасы болуп, абдан эле этият, абдан эле дипломат болуп баратыпсыз, көп суроолорго тайыз жооп берип жатасыз да, болгонун болгондой ачык айтсаңыз жакшы болмок?
— Мен эми болгон көз карашымды айтып жатам. Сен соодалашуу менен консультация деген сөздү чаташтырба. Экөө такыр башка маанидеги сөздөр. Соодалашуу болсо, азыр башкача шарт, абал түзүлмөк. Соодалашуу болсо, кирди-чыкты, сүйлөштү болмок.
— Демек, анда мен айткан соодалашуу, сиз айткан консультациянын ичинде турбайбы. Биз көргөнүбүздү көргөндөй, укканыбызды уккандай айтууга милдеттүүбүз. Мен бул айткандарымды бир топ кесиптештерим менен ушунча күндөн бери парламенттен жакшы эле байкап жатабыз…
— Силер соодалашуу деген сөздү окурмандарга жаксын деген максатта алып чыгып, ошол сөзгө өтүп кеткенсиңер да. Жок дегенде ич ара сүйлөшүү, кеңешүү десеңер болбойт беле… Соодалашуу деген сатып алуу, сатуу деген сөз да.
— Эгер Исаев менен Төрөбаев экөө тең өтпөй калса, КСДП Иса Өмүркулов менен Чыныбай Турсунбековду алып чыгат деген маалымат бар. Бул боюнча эмне айтасыз? Исаев жумшак рейтингден качып жатканы чынбы?
— Ал сөздү “Өнүгүү-Прогресстен” Тынчтык Шайназаров айтып койду, өз пикири кылып, анын сөзүндө чындык жок да. Ал болжолдоп айтып койсо, аныкы туура деп эсептелбейт да. Негизи көпчүлүк коалиция ынтымак үчүн бир талапкерди чыгарса жакшы болмок. А негизи ар бир фракция кандай позицияда болсо да өз талапкерин алып чыкканга укуктуу. Мен Канат Исаев парламентте көпчүлүктүн колдоосуна татыктуу болуп, спикерликке өтөт деп ишенем.
Айбек Шамшыкеев