Домой Саясат Алмаз Акматалиев үлкөн секирик жасаары күтүлүүдө

Алмаз Акматалиев үлкөн секирик жасаары күтүлүүдө

82

Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору, Нарын облусунун мурдагы губернатору Алмаз Акматалиевдин талапкерлиги президенттик аппарат башчылыгына, бул жагына болбосо, куру дегенде аппарат жетекчинин 1-орун басары Алмаз Кененбаевдин ордуна каралып жаткандыгы, сентябрдын башы менен “серый кардиналдар” тарабынан маселе чечилери маалым болду.

Албетте, Акматалиевде табиятынан билим, тажрыйба, уюштургуч өңдүү оң сапаттар бар экенин моюнга алабыз. Болгону Алмаке бийликтин чолоо жерин калтырбай “аймалап” отуруп азыркы кызматына жетти эле, кокус оомат оосо президенттик аппаратка кайсы “сый-ургалы” үчүн жетээр экен? Бул жагынан дагы да кызык интригалар алдыда окшойт.

                                                                                                        “Айгай-пресс”