Экс-депутат Алманбет Шыкмаматов өзүнүн интернет баракчасы аркылуу дүйнө жүзүн каптап келе жаткан вирус тууралуу сактануу эрежелери тууралуу ой бөлүштү.
«Короновирус пандемиясы боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму(ВОЗ) кырдаал боюнча анализ жасады. Азыркы маалда, эпидемиянын очогу Кытайга салыштырмалуу Европа мамлекеттери деп айтылды. Италия, Испания, Франция, Германия, Норвегия мамлекеттери ээң көп оорулуу адам катталган мамлекеттер деп аталды. Вируска көбүнчөсү улгайган адамдар, иммунитети начар адамдар бат кабылап, организимдери туруштук бере албай жатыптыр. Жаш курактагылар ооругандардын азчылыгын түзөт экен. Эпидемиянын толкуну тез тараган мамлекеттерде элдер даярдыгы жок, сактануу эрежелерин аткарган эмес. Мисалы, массалык иш чаралар токтотулган эмес, адамдарга түшүндүрүү иштери жүргөн эмес, айтоор жеңил ойлук менен мамиле кылышкан.
Ошондуктан өкмөттүн аракетине эле ишенип отура бербей, ар бир инсан сактануу эрежелерин так аткаралы.
Паникага түшүп продуктуну толтуруп алуу сактануу эмес. Сактануу-жеке гигиенаны кармануу, колдон келишинче адамдар менен контакттан оолак болуу. Эриккендер кырдаалдан пайдаланып китеп окугула. Мындайда жеңил ойлуулукка жол жок. Ылайым бул балакет биздин касиеттүү элибизге жолобосун! Элдин касиети баарыбызга дем болсун!», деп Шыкмаматов жазып чыккан.
Булак: Багыт