Домой Саясат Алмамбет Анапияевдин бир тууганы “Бир болдон” шайлоого катышат

Алмамбет Анапияевдин бир тууганы “Бир болдон” шайлоого катышат

171

Алтынбек Сулайманов

Алдыда болуучу Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого 13 партия аттанып жатканы белгилүү болду. Баарынан кызыгы, талапкерлердин арасында былтыр февраль айында Белорусиядан өлтүрүлгөн Алмамбет Анапияевдин бир тууганы Анапияев Айбек Галмаматович да бар. Ал Бакиевдердин ишенимдүү адамдары көбүрөөк топтолгон “Бир Бол” партиясынан атынан чыгып жатат. Мына сага, кримтөбөл Алмамбеттин бир тууганы шайлоого кытышып жатканы, көп нерседен кабар берип турат. Лидер Алтынбек Сулайманов бул жерде криминалдык чөйрөгө жан тартып турган жокпу? Мунун өзү  ансыз да кадыры аз “Бир Болго” аброй алып келбейт, тескерисинче коомчулукта жек көрүүнү күчөтөт.

Айбек 1988-жылы туулган. Эске сала кетсек, ал экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын Ош шаары боюнча башкармалыгын жетектеп турганда  1000 доллар пара алуу иши боюнча иши сотко өтүп, жыйынтыгында 4,2 млн. сом айып пул төлөөгө өкүм чыгарылган.