Домой Саясат Ализа Солтонбекова министр болоору айтылууда

Ализа Солтонбекова министр болоору айтылууда

102

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлиги көрсөтүлөт. Ал 2018-жылдын ноябрь айынан бери министрдин орун басары кызматын аркалайт. Буга чейин  өкмөт башчы  тарабынан сунушталган талапкер Жогорку Кеңештин регламенти, конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелери, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитеттери тарабынан каралган. Солтонбекова 42 жашта. Ал өкмөттө бөлүм башчы, 2017-жылы өкмөттүн Чүй облусунда ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген