Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын ар бир кадамы кызык. Себеби, ал Президенттин кызы эмеспи. Буга чейин Алия кош бойлуу кезиндеги жана баласын эмизип жаткан сүрөтүн социалдык тармактарга жайгаштырганы коомдо кызуу талкуу жараткан эле. Алиянын кыргыз эмес орус тилинде сүйлөөсү да көп суроолорду жаратып келген. ВВС кыргыз кызматы Алиянын ачык сүрөттөрү, кыргыз музыкасы жөнүндө сурап жатканда ага азыркы кыргыз музыкасы, азыркы ырлар жакпаарын айтып, мурунку комуз күүлөрү жана атасынын ырлары жагаарын айткан. Андан сырткары, эт жебесин, баланы кантип туура тарбиялоо, эне-бала мамилесине токтолуп кеткен. (Т.С.)