Домой Экономика Алиев: 700 млн. сомдон ашкан байлыкты легалдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн

Алиев: 700 млн. сомдон ашкан байлыкты легалдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн

43

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча, каалаган жарандар 700 миллион сомдон ашык каражатын же ошол каражатка алынган мүлктөрүн  700 миң сом мамлекетке төлөп, адалдаштырып алса болот. Мамлекет өз кезегинде катталган байлык кандай жолдор менен табылгандыгын купуя сактоого кепилдик берет жана андан ары ал адамдын каражаты эч бир тиешелүү орган тарабынан текшерүүгө алынбайт. Бул тууралуу Бекболот Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору чет элдик тажрыйбаларды эске алуу менен иштелип чыгып, парламентте биринчи окуудан өттү.

“Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, 2019-жылга чейин тапкан каражаттарын жарандар өздөрү келип легалдаштырып алса болот. 700 миллион сом же андан жогорку суммадагы байлыгы үчүн 700 миң сом өлкө казынасына төлөйт. Мыйзамдын максаты көмүскө экономиканы азайтуу. Мындай мыйзам көптөгөн өлкөлөрдө бар, айрымдарында ийгиликтүү иштеп жатса, кээ бирлеринде ишке ашпай келет. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен механизмдери иштелип чыкты. Учурда Жогорку Кеңештен биринчи окуудан өттү”, — деди Алиев.

Ал аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса жарактуу мөөнөтү алты айдан бир жылга чейинки убакытты гана өзүнө камтый тургандыгын кошумчалады.

Булак: sputnik.kg