Эмил Кимсановдун видео билдирүүсүнөн кийин журналист Али Токтакунов «Кимсанов көрсөткөн видеонун чоо-жайын териштиребиз. Бул жерде журналисттин өмүрү, коопсуздугу тууралуу сөз болуп жаткандыктан бийлик, атайын органдар да муну дароо эске алат деген ишеничтемин»- деп пикирин билдирди.
Али Токтакуновдун билдиүүсүн төмөндө толугу менен төмөндө беребиз:
«Видеодо менин аты-жөнүм аталып «Али Токтакуновду Прагадан тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген тапшырма болгону айтылып жатат. Менин аты-жөнүм, жеке маалыматтарым, Прагадагы мага жат эмес адрестер көрсөтүлгөн.
Видеодо сүйлөп жаткан Эмилбек Кимсанов ага Райымбек Матраимов тапшырма бергенин айтууда.
Эмилбек Кимсанов Бажыда жогорку, жетекчилик кызматтарды ээлеп кеткен адам. Райымбек Матраимовдун кадры, көп жылдан бери эң жакын адамдарынын бири болгон, ал негиздеген футбол клубунда ойноп жүргөн. Муну Оштогулар, бажы кызматындагылар тастыктай алат.
«Азаттыктын» кабарчысы катары мен жана бир топ кесиптешим, Клооп, OCCRP Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн $, ага кыргыз бийлигинин, ошол кезде Бажыда жетекчилик кызматты ээлеген Райымбек Матраимовдун байланышы, ал кишинин декларацияга кирбеген миллиондогон долларлык мүлк-байлыктары тууралуу иликтегенибиз коомчулукка маалым. Бул иликтөөнүн жүрүшүндө журналисттерге карата зомбулук, коркутуулар жана басым болгону да белгилүү.
Кимсанов көрсөткөн видеонун чоо-жайын териштиребиз.
Бул жерде журналисттин өмүрү, коопсуздугу тууралуу сөз болуп жаткандыктан бийлик, атайын органдар да муну дароо эске алат деген ишеничтемин.
Ушул мүнөттөрдөн тарта мен эле эмес, үй-бүлөмдүн, Кыргызстандагы жакын туугандарымдын, кесиптештеримдин өмүрүнө коркунуч күчөдү деп айтууга негиз жаралды. Мындай пикирди былтыры 10-ноябрда журналисттик иликтөөнүн каарманы Аеркен Саймаити Стамбулда атып өлтүрүлгөндө да жазгамын.
Баса белгилеп айтып коеюн, ким болбосун мындай жол менен мени коркута албайт. Биздин иликтөөбүз же башка макала-маектерибиз журналистиканын иш-милдеттерине төп келет, кимдир бирөөнү курулай каралоодон алыс. Биз ал жолдон кайтпайбыз!»
Булак: Багыт