Домой Коом Али Токтакунов: Баарыбыз коронавируска алаксып, карантинде отурганда күмөндүү иштер болуп жатат…

Али Токтакунов: Баарыбыз коронавируска алаксып, карантинде отурганда күмөндүү иштер болуп жатат…

694

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Айеркен Саймаитиге жасалма документ берген чиновник сот жообуна тартылбай жазадан куткарылганына нааразы болду.

“Баарыбыз коронавируска алаксып, карантинде отурганда күмөндүү иштер болуп жатат.

Журналисттик иликтөөгө байланыштуу иликтөөнүн жүрүшүндө Айеркен Саймаити жасалма кыргыз паспорту менен сыртка чыгып кеткени аныкталган. Саймаити өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллардын тек жайын эң жакшы билген, бул системдүү коррупциянын чордонунда жүргөн адам эле. Ал бул үчүн айыптуу экенин мойнуна алып, документтер жана көрсөтмөлөрү менен далай сырдын, былыктын бетин ачууда журналисттерге көмөктөшкөн. Ал дагы көп нерсе айтып, документтерди берүүгө убада берген эле. Бирок өткөн жылдын ноябрында Стамбулда киши колдуу ажал тапты.

Эми баарыбыз коронавируска алаксып, карантинде отурганда күмөндүү иштер болуп жатат.
Алардын бири – Саймаитиге жасалма паспорт берген чиновникти Жогорку Сот жазадан куткарганы белгилүү болду. Тескерисинче, ошол убакта ким кандай кылмышка кириптер болгонун, журналисттин колу жетпеген нерселерди так иликтеп, чоң кичине дебей жазага тартуу биздин Прокуратуранын, УКМКнын, Соттун иши болчу.

Өкмөт Саймаитинин акча адалдоо ишмердигинен аз дегенде 6 млрд сом салык Казынага түшпөй калганын бир топ ай мурда билдирген. Эми ал да унутулуп баратат. Саймаитини көзү жоюлса эле ошол 6 млрд сом жок болуп кетпейт. Бийлик чыгарылып кеткен сумманы алган тарапты таап, ал салыкты өндүрүшү керек. Журналисттер бергенбиз, банктардан, Финразведкадан алышкан – бардык далилдер, документтер, ысымдар колунда.
Өндүрүп, азыр коронавирустан кыйналып турган элдин ар бирине таратса да 1000 сомдон тиймек. Же чет өлкөлөрдө кыйналып турган мигранттарыбызга 100 доллардан бөлүп бергенге жарамак.

Качанга чейин өз ырыскыбызды уурдатып, бөлөк өлкөдөн карыз сурап, тилемчилик кылып жүрө беребиз?

Же көчөдө сөгүнүп койгондорго эле алыбыз жетеби?”- Али Токтакунов.

Булак: Багыт