Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. 7-августтагы Кой-Таш айылындагы башаламандык жана УКМК кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча кармалды.
Алга Кылычев Социал-Демократиялык партиянын мүчөсү, буга чейин “Сакчы” деп аталган элдик кошуундун башчысы болгон. Ал эми Амантур Жамгырчиев болсо 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандар түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин башчысы болгон.