Домой Дүйнөдө Алексей Навальный 15-февралга чейин камакка алынды

Алексей Навальный 15-февралга чейин камакка алынды

25

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 30 суткага тактап айтканда 15-февралга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.  

Сот жараяны өтүп жаткан учурда анын тарапташтары да келишти. Навальныйдын камакка алынышына Батыш өлкөлөрү кескин сынга алып, орус бийлигин бошотууга чакырганы менен жыйынтык чыккан жок. Алексей Навальный ууландырылды делип Германияда дарыланып кайткан.

Эске сала кетсек, 17-январда Германиядан Москвага кайтып келген Навальный “Шереметьево” аэропортуна конору менен кармалган.