“Саясатчылардын жети бети бар” деп мындан 20 жылча мурун эле кайсы бир куудулубуз айтып чыккан болчу. Мунун чындык экенин улам убакыт өткөн сайын билип атабыз. Албетте, саясый айдыңда жүргөндөрдүн баардыгына эле тиешелүү эмес, бирок 90%на тиешелүү болуп калат.
Азимбек Бекназаров тээ Акаевдин заманында Үзөңгү-Кууш маселесин көтөрүп, ошол убактагы бийликтин куугунтугуна кабылып, натыйжада Аксыдан алты азаматыбыз окко учканы белгилүү. Мына ушул ишти 2005-жылдагы март революциясынан кийин баш прокурор болгондо Азимбек мырза аягына чейин чыгарат экен десек, өзүнүн финансылык кызыкчылыгынан өйдө көтөрүлө албай жүрүп эле кайра оппозицияга өтө качкан. Анан 2010-жылдагы апрель революциясы болду. Мында да жаңы бийликтин курамында болуп, өлкөбүздүн күч блогун жалгыз өзү башкарды. Бирок, Аксы окуясын иликтөөнү капарына да алган жок. Кийин “Бекназаров эки ирет баш прокурор болуп туруп Аксы окуясын аягына чыгара албай койду” деген сын-пикирлер айтылганда, “Мен аны иликтеп бүтөюн деп калгам, бирок аягына чыгартпай коюшпадыбы” дегендей актанып чыкканы эсибизде.
Чындыгында ал бийликтин курамында эки ирет турса да Аксы окуясына таптакыр көңүл бурган эмес. Бирок, опурулуп сүйлөсө жалганды чындыктай айта билген жөндөмү бар. Мына ушул жөндөмүн ал кече жакында эле ири суммадагы паракорчулукка айыпталып жаткан Ө. Текебаевдин сотунда дагы бир жолу тастыктады.
Ал сотто кандай болсо дагы Текебаевди актаган көрсөтмө берүү үчүн атайылап даярданып барганы белгилүү болду. “«АльфаТелеком» да так ошо мен айткандай болгон. Мына документтери бар. Бир нече уюм бар. Бири бирине, бир нечесине сата берген. Именно ушул боюнча уголовное дело бар. Ичинде баары бар. Ошол каралган жок. Чечилген жок. 49% ке никакой Текебаевдин, никакой Чотоновдун тиешеси жок. Эгер ошол боюнча жоопко тартам десе УӨ ичинен мени да тартсын. Анткени Баш прокуратурага мен куратор болгом. Булардын тиешеси жок. Мына ГП представление жазды. Ибраев алып келди. Мен кол койдум. УӨ жыйынында мен доклад жасадым. Ошондо Өмүрбек Чиркешович айтты «эмне үчүн 100% албайбыз» деп. Бирөөлөр айтты «вообще албаш керек» деп. Анткени бул жеке менчик да. Биз ошого кол салгандай болуп атабыз. Ошондо биз Байтемир (ГП) экөөбүз юридикалык жолун түшүндүрүп бердик. Эгер биз азыр алып койбосок, оффшор зонага сатылып, эртеӊ соттон, эл аралык соттон утуп алат, т.е. Максим Бакиев, Елисеев экөө сатып жиберет. Алар убагында Саркишева, Айдар Акаевден рейдерлик жол менен алган. Ошону тергөө аныктасын, Максим тартып алган деп арыз жазып берсин дедик. Убагында Айдар алды. Андан Максим келгенде ага 49% саттык дешти. Биз ошол 49% ды мамлекетке алдык. Берки 51% бирөөнүн жеке менчиги, аны алалбайбыз дедик. Аны сот чечсин десек макул болушту. Ушул башка жок», — деди ал сотто.
Мамлекеттик айыптоочу ага иштин материалдарынын арасында протоколдо Азат Базаркуловдун да сурак протоколу бар экенин, ал «Мегакомдун тегерегинде 2 группа болгон. Бирөөндө Р.Рыкунова, Силич болгон. Аларга Бекназаров колдоо көрсөткөн. Экинчи топко Текебаев, Чотонов, Ш.Абдылдаев, Байболов кирген indikasi metronidazole. » деп айтканын, бул жагдайга кандай баа бере турганын сурады.
Буга Азимбек мырза мындай деп жооп берди:
«Менде справка бар. Ибраев кол койгон. Интересно, 9-сентябрда Ибраев иштен кетип атат. Байболов келип туруп сразу «Мегакомдон» иш баштап атат. Да, кандайдыр бир топтун интереси болгон. «Мегакомдун» акциясына кызыккандар көп. Казакстанда, оффшоркада, Москвада фирмалар болгон. Булардын кандай кызыкчылыгы болгон аны билбейм. Чечсе Байболов чечкендир».
Эми ушул көрсөтмөсүн анализдеп көрсөңүз, анын жогорудагы келтирген көрсөтмөсүнө карама-каршы болуп чыгууда. Демек, «Мегакомдун» тегерегинде эки топ болгонун жокко чыгара албайт. Ал экинчи топтогулардын арасында Текебаев да болгонун Базаркулов айтып атат. Аны да Бекназаров жокко чыгарган жок. «Кандайдыр бир топтун кызыкчылыгы болгон, «Мегакомдун» акциясына кызыккандар көп болгон» деп атат. Демек, ошол кызыккандардын арасында Текебаев да бар болушу толук мүмкүн да?..
Эми ушул жерден бир чегинүү жасайлы. А. Бекназаров менен Камчыбек Ташиев Текебаевдин сотуна барып көрсөтмө берген күндүн эртеси интернет булактарына бул экөөнүн үндөрүнө окшош үндөр менен сүйлөшүлгөн аудиожазуу таркады. Ошондо Азимбек мырзанын үнүнө окшош үн мындай дейт: «Акеңди көрдүң да, байкуш кейпи саал кетип калыптыр. Дүйшөн ага караганда түзүгүрөөк отурду. Бирок, сөөгүн агарткыча калпты айттым. Кудай өзүң кечир деп, ар калп айткан сайын, Кудай өзүң кечир деп турдум да. Жалганды урдум. Ушундай калпты айттым. Эч нерсеге тиешеси жок, мен кылгам анын баарын, өзүм баш болуп, «Мегакомду» мен эметтим. Вообще аралаштырган эмесмин. Мына прокурорлор отурат. Мен куратор болгом, баардыгын мен чечкем. Мунун вообще тиешеси жок дедим».
Аудиожазууну угуп отурган ада мадам жасалма экенине таптакыр ынанбайт. Себеби, ал жерде эч кандай атайын даярдалгандай сценарий байкалбайт. Албетте, муну эми тиешелүү адистер аныктап чыгышы керек, эгерде ал аудиожазуудагы үндөр чындап эле Бекназаров менен Ташиевге тиешелүү болуп чыкса, анда аларды 3 жылга чейинки темир тор арты күтүп тураары бышык.
Баса, биз Камчыбек Ташиевдин соттогу көрсөтмөсү менен аудиожазуудагы айткандарына токтолбой калыптырбыз. Бул саясатчынын бир эле күндө эки башкача сүйлөй ала турганына буга чейин деле күбө болгонбуз. Алтургай ал «Чыңгызханча секирик» жасай коем деп, темир тор артында 9 ай отурганда эртең менен күпүлдөп «аягына чейин бекем турам» деп, кечинде «Азике досуңа сүйлөшпөйсүңбү, бизди чыгарсын» деп башын салаңдатып калганын Бекназаров тар чөйрөдө айтып жүрбөдү беле.
Ошол «Секирик» жасаганына түрдүүчө комментарий бергеничи? Бирде «жумушума бараткам» десе, бирде «секирген эмесмин» деп коомчулуктун алдында өзүн-өзү шылдыңдаган.
Мына ушул эрен Текебаевдин сотунда мындай деп көрсөтмө берген: «Урматтуу төрага, урматтуу сот процессинин катышуучулары, урматтуу Өмүрбек Чиркешович, мына бул маселе боюнча мен өзүмдүн чындыгымды айтып коеюн. Себеби, бул күн менин эсимде бар. 22-декабрь Өмүрбек Чиркешовичтин туулган күнү болгон эле. Анын үстүнө парламент жаӊы шайланып келип, парламенттин жетекчилигин шайлоо болуп аткан эле. Ошон үчүн эсимде калган. 22-декабрь күнү менен ЖКда болбошумду билип, 21-декабрь күнү Өмүрбек Чиркешовичти туулган күнү менен куттуктап коеюн деп кирсем, Өмүрбек Чиркешович ордунда жок экен. Приемныйдагы кыз «ал киши жок» деп айтты. Анан мен кайра чыгып кеттим. Бирок мен ошол 21-декабрь күнү жанагы жардамчым аркылуу сурап тургам. «Өмүрбек Чиркешович келди бекен? Мен куттуктап коеюн, сурап коеюн» деп сурап тургам. Бирок ошол убакта мага ар дайым эле «жок келген жок» деген жоопторду берип атты», — деп.
Ал эми интернетке жарыяланып кеткен аудиожазууда болсо: «Мага кат жазып жибериптир, Камчы ука 22-де билесиң да, менин туулган күнүм болгон. Сенин эсиңдеби дейт, келип мени куттуктап, бир вино берген элең 23-дө келип деп. Эсимде жок эй ага вино бергенимди, куттуктаганым, мен аны никогда куттуктаган эмесмин туулган күнү мененчи. Эчтеке жок да, бирок, а значить болуптур да дедим дагы, ой бирок, эсимде жок ака эмне алып келгеним. Эме деп жазып жибериптир. Билесиңби эмне деп жазыптыр. 8-10 деп коюптур скобкага. 8-10 литрлик вино алып келгенсиң деп. Мен 8-10 билесизби кандай, момундай бочка болот да, кантип көтөрүп келмек элем дедим. Никогда и никому көтөрүп келген эмесмин, тем более Ак үйгө. Үчүнчү этажга» — деп күлкүсүн тыя албай сүйлөгөн экен.
Мына ушундайча эки башкача сүйлөп атышкан Бекназаров менен Ташиевге эми мыйзам чегинде тиешелүү жаза колдонулабы? Азырынча алар «аудиожазуу жасалма» деп актанышууда. «Кудай өзүң кечир» деп туруп калпты ышкырта берген Азимбек мырза балким аягына чейин аны «жасалма» деп танышы мүмкүн (себеби калп айтып көнүп калган да), ал эми Камчыбек мырза бир күнү агынан жарылып, «ошентип сүйлөштүк эле» деп жибериши толук мүмкүн да…