Жоокер 4-декабрда токко урунуп, 6-декабрда Ош облустук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
4-декабрда машыгуудан кайтып келе жатып токко урунуп, оор жаракат алган Ш. А. аттуу ефрейтор 8-декабрда ооруканада каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аскер кызматкери КР Куралдуу күчтөрүнүн Гүлчө калктуу конушундагы кургактагы аскерлердин 92843-аскер бөлүмүндө кызмат өтөп келген.
«Ал 6-декабрдан тарта Ош облустук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Дарыгерлер тарабынан бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай аскер каза болуп калды», — деп айтылат маалыматта.
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жеке курамы жана жетекчилиги маркумдун жакындарына көңүл айтат.
Булак: Спутник