Домой Маданият “Ала-Тоолук – Үмүт” долбоору мыкты эмгектерди тандады

“Ала-Тоолук – Үмүт” долбоору мыкты эмгектерди тандады

85

Бүгүн 27-февралда Чынгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө  Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Ала-Тоолук – Үмүт” долбоору буга чейин жарыялаган видеороликтерди калыстардын сынына койду.

Сынакка кырктан ашык видеоролик катышты. Калыстар тобу алардын ичинен эӊ мыктысын тандап, элдин талкуусуна коет. Долбоордун автору жана уюштуруучусу Элнура Кулуеванын айтымында аталган сынакка 17 жаштан 35 жашка чейинки жаш режиссерлор катышышты. КРнын Эл артисти Назира Мамбетова, Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты, “Курманжан Датка” атындагы кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева, белгилүү кинорежиссер, КР Эл артисти Молдосейит Мамбетакунов, Т. Океев атындагы Кыргызфильмдин башкы редактору, белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров жана кинорежиссёр Айбек Дайырбековдордон турган калыстар тобу сынакка катышкан жаш режиссёрлордун видеороликтеринин чыгармачылык сапатына баа берип, маанисин, техникалык сапатын, актерлук жана операторлук чеберчилигин баалап тандашты.

Белгилей кетсек, сынактын баш байгесине уюштуруу тобу автоунаа койгон.