Сооронбай Жээнбеков биздин районубузга эки жолу келип, биртоп көйгөйлүү маселелерди чечип берген, деп билдирди Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун ардагери Гафуржан Ражаббаев.
«Аларды атап айтсам, биринчиден, Шамалды-Сай суу сактагычынын экинчи этабынын курулушуна старт бердиңиз. Ала-Бука, Чаткал, Аксы районунун кошуна Өзбекстан мамлекети менен болгон чек ара маселесин чечип бердиңиз. Ала-Бука-Шекафтар жолун оңдоону планга киргиздиңиз. Көк-Таш ашуусунун 24 чакырым жолун Транспорт министрлигинин балансына өткөрүп бердиңиз. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн ооруканасынын курулушуна 25 млн сом бөлдүртүп бердиңиз. Падек айылындагы Токтосун Жоробаев атындагы мектептин курулушуна 27 млн сом бөлүп бердиңиз, бул жакта да кызуу иштер жүрүп жатат. Сафед-Булан тарыхый комплексиндеги Шах-Пазыл күмбөзүнүн оңдоп-түзөө иштерине 11 млн сом бөлүп бердиңиз. Ала-Бука районунун борборун асфальттоого 14,5 млн сом бөлүп бердиңиз», — деп Гафуржан Ражаббаев бирден санап чыкты. best viagra pills for sale.
Анын айтымында, жогоруда айтылган фактылар бийлик ишеничти актаганын билдирет жана ошол ишеничти Сооронбай Жээнбеков мындан ары да актай турганын тастыктайт. «Биз, Ала-Бука эли, аксакалдары, аялдары жана келечек жаштары сиз менен биргебиз! Сиздин президент болушуңузга терең ишенебиз жана колдойбуз! Ала-Бука эли дайым сиз менен!», — деген район ардагери Ак-Коргон айыл аймагында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы мектепте 7 класстык бөлмөдө 300 окуучу окуп жатканын жана аларга жаңы мектеп салып берүүсүн Ак-Коргон айыл тургундарынан жана мектеп жамаатынын атынан өтүндү.
Аксакал Сооронбай Жээнбеков мындан ары дагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө бардык аракетин жумшаарына ишенимин билдирди.
Даярдоочу;»Айбат Аймак»КФ Токтогул көчөсу 196
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 16.09.2017 ж.