«Альянс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Токтобүбү Оргалча бир айга созулган шайлоонун үгүт иштерин Жалал-Абаддын Ала-Бука жана Чүйдүн Жайыл райондорунун эли менен жолугушту. Алыскы Ала-Букада талапкер айым менен жолугушууга көп адам чогулуп, бул иш-чара жылуу маанайда өттү. Алгач Токтобүбү айым шайлоочуларга өзү жана партия тууралуу айтып берип, 4 багыттан турган программасы менен тааныштырды. Ошондой эле ишкер катары Бишкекке ондогон заманбап автобустарды алып келип, элдин кызматында иштетип жатканын маалымдады. Буга кошумча жакында Токмок шаарында заманбап үлгүдөгү автобустарды курап чыгара турган заводду Татарстандын ПАО «КАМАЗ» компаниясы менен биргеликте ишке ашырып жатканын билдирди. Буйруса. Токмоктогу ал завод ишке кирсе, 250 адам иш менен камсыз боло турганын кошумчалады.
Бул жолугушууда шайлоочу апаларды бири сөз алып сүйлөп буларды айтты:
-Элим, жерим деген адам, аз сүйлөп, көп иштейт. Бул кыздын жасаган иштерин баарыбыз уктук. Эң биринчиден ден-соолук сакчысы экен. Ден-солук болсо баары болот. Кыз башы менен Кыргызстанга автобустарды алып келиптир, эми Токмокко автобус завод ачканы жатышыптыр. Мындай чоң иштерди керек болсо көп эркектер жасай алышпайт. Биздин Ала-Бука районуна да көп адамдар иштей турган ишкана ачып бере турганын да айтып жатат. Муну мен чоң ийгилик деп эсептейм. Идеология, экономика тууралуу да жакшы сөздөрдү айтты. Мен булардын баарын колдоймун. Ден-соолугуң чың болсун, өмүрүн узун болсун, калкка кызмат кылган кайратың кыз Сайкалдыкындай болсун…
Ала-Буканын шайлоочулары талапкер Токтобүбү Оргалча айымга жакшы каалоолорун айтып, ак батасын берип, колдой турганын билдиришти.
Ала-Буканын шайлоочулары талапкер Токтобүбү Оргалча айымга жакшы каалоолорун айтып, ак батасын берип, колдой турганын билдиришти.
Ушундай эле жолугушуу кечээ берекелүү Чүйдүн Жайыл районунда уланды. Жайыл элине дагы Токтобүбү айым өзүнүн 4 багыттан турган программасын айтып берип, шайлоочулардын ар кыл суроолоруна жооп берди. Жолугушууга келгендер ага ак тилек, каалоолорун айтып, ак батасын берип узатышты.
Бул жолугушууда шайлоочу апаларды бири сөз алып сүйлөп буларды айтты:
-Элим, жерим деген адам, аз сүйлөп, көп иштейт. Бул кыздын жасаган иштерин баарыбыз уктук. Эң биринчиден ден-соолук сакчысы экен. Ден-солук болсо баары болот. Кыз башы менен Кыргызстанга автобустарды алып келиптир, эми Токмокко автобус завод ачканы жатышыптыр. Мындай чоң иштерди керек болсо көп эркектер жасай алышпайт. Биздин Ала-Бука районуна да көп адамдар иштей турган ишкана ачып бере турганын да айтып жатат. Муну мен чоң ийгилик деп эсептейм. Идеология, экономика тууралуу да жакшы сөздөрдү айтты. Мен булардын баарын колдоймун. Ден-соолугуң чың болсун, өмүрүн узун болсун, калкка кызмат кылган кайратың кыз Сайкалдыкындай болсун…
«АЛЬЯНС» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К Арзымбаеванын буйрутмасы менен «АЛЬЯНС» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (Күб. №8 1.09.2021-ж.). 13.11.2021.