Домой Саясат Ал кокуй неме, Кожобектин бажасынын баласы дейби?

Ал кокуй неме, Кожобектин бажасынын баласы дейби?

70

КСДПчы Кожобек мырза электр тармагындагы кадрдык дайындоолорго көптөн бери эле түз катышып, ыгы келе калганда өз жакындарын майлуу жерлерге дайындатып келатканына көп болду.

Кожобек Рыспаев

Кантсе да, ЖКда электр тармагын, отун, суу, кен байлыктарын тейлеген комитеттин алмашкыс төрагасы эмеспи. Сөзү өтөт, сөзү өтпөсө тиши өтөт дегендей. Чынында Кожоке жайыраак, сылык-сыпаа,  жөнүрөөк сүйлөгөндү анчалык билбейт. Качан болбосун кызарып-татарып, урушуп жаткансып, күпүлдөп, коркутуп сүйлөйт. Айталы деген маалыматыбыздын негизги  төркүнү мындай: өткөндө “Түндүк электронун” Октябрь райондук бөлүмүн башкарган Бекжан деген кызматкер жөн иштебей, абоненттерди коркутуп-үркүтүп, бизнесмендерден пайда көрүп, өз билгенинин жасап жатканы тууралуу маалымат чыккан. Көрсө, ал жигиттин жогорку жактагы “крышасы” биз сөз кылып жаткан Кожобек мырзанын өзү экен. Маалыматтарга караганда, бейбаштыгы ашынган Бекжан деген неме Рыспаевдин бажасынын баласы дешет. Кожобек мырза, бажасынын баласын элдин жонунан камчы албай жөн иште деп койбойбу.