Домой Маданият Акжолтой Канат уулунун сөөгү апасынын жанына коюлат

Акжолтой Канат уулунун сөөгү апасынын жанына коюлат

53

Төкмө акын Акжолтой Канат уулунун сөөгү эртең, 13-ноябрда, жерге берилет. Бул туурасында акындын санаалаштары билдирди. Төкмө акынды акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10.00дө кичи мекени Тоң районунун Ак-Cай айылында болот. Ошондой эле, апасы Майра Керим кызынын жанына коюлаары маалым болду. Жол кырсыгында Акжолтойдун келинчеги дагы каза болгон. Келиндин жакындары келишкен, алар жубайлардын сөөгүн чогуу коюуга макул болушту”, – дейт маркумдун жакындары.

Акжолтой Канат уулу 11-ноябрга караган түнү Балыкчыдан Кочкор районун көздөй баратып жол кырсыгына кабылган. Ал отурган машина жүк ташуучу унаа менен кагышып, алдына кирип кеткен. Мунун кесепетинен Акжолтой, жубайы жана дагы эки жигит каза болгон. Бирөө өтө оор абалда Кочкор райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Акжолтой Канат уулу 26 жашта болчу. Белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын кичүү уулу. Ал да акындык өнөрдү аркалап, бир топ айтыштарга катышып келген.