«Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталынан 13-августта акыркы бейтаптар чыгарылып, ал жер жабылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
«Семетей» стационары дээрлик 1,5 ай иштеп, анда 1 500 бейтап дарыланды. Азыр аны күз-кыш мезгилдерине, коронавирус илдетинин экинчи толкунуна даярдоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин, «Семетей» алгач чет элден келген жарандарды обсервациялоо жайы катары ачылган. Кийин өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуганда ал стационарга айланган.