Домой Коом Акын Зайырбек Ажыматов 43 жашында каза болду

Акын Зайырбек Ажыматов 43 жашында каза болду

2610

Акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 43 жашында каза болду. Ал бир айдан кийин 44кө чыкмак. Анын каза болгонун санаалаштары ырасташты.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.”Жалгыздык” (1996-жыл), “Мелмил” (2005-жыл), “Нөлү көп жылдар” (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору.Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы “Асаба” гезитинен баштап, “Кыргыз Туусу”, “Бишкек таймс” гезитеринде КТРКнын радио тармагында “Жаңы Агым” гезитинде иштеп, акыркы жылдары “Азаттык” үналгысында иштеп жүргөн.