Маалым болгондой, учурда Америка президенттиги үчүн шайлоо кампаниясы кызуу жүрүп жаткан кез. Президенттикке талапкер Дональд Трамп өзүнүн атаандашы, сенатор Марк Рубиондун ага карата айткан дооматына жооп берип, анда курулуш магнаты эркек мүчөсүнүн нормалдуу экендигин айткан. Анын айтымынча, жыныс мүчөсү узун экен. Марк шайлоочулар менен жолугуу учурунда Трамптын колдорунун кыскалыгына токтолуп, колу кысканын ал жагы да кичинекей болушу ыктымал деген. “Бул маселеге токтолбоско аргам жок. Ал менин колдорумду сынга алды. Мурун эч ким менин колума асылган эмес. Өзүңөр деле карагылачы. Колдорум кичинекей бекен? ал (Марк) менин колум кыска, демек тыягым да кыска деп жатат. Бирок, мен сиздерди ишендирип кетемин. Ал жагымда баары жайында”. Эмне демекпиз, акылдан адашкан Америка дегенден башка айтарыбыз барбы?