Домой Коом Акылбек Жапаров кантип актанат?

Акылбек Жапаров кантип актанат?

166

“Бай-манаптарды кулакка тартууга” аракет улангандан уланууда. Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевдин “чирий” баштаган элиткалары менен особняктарын айта салды эле, анын жолун жолдочулар четтен чыгышты.

Кезек Акылбек Жапаровго келген окшойт, акыркы учурда “премьер-министр болууга нечен жылдан бери даярданган” депутаттын короосуна таш ыргыды. Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Дамас” мейманканасы Акылбек Жапаровго
таандык экенин белгиленип, ушул убакка чейин мамлекеттик кызматта келаткан адам мынча байлыкты кайдан тапты деген суроо узатылды. “Мейманкана балким башка адамдын атына катталгандыр, бирок анын Жапаровдуку экени баарыбызга беш колдой белгилүү”, — деп айтышты. Ушундай боло берсе, жакын арада бай-манаптардын бири калбай жакырга айланып, а алардын жакындары байып чыга келишет го.

Булак: «Майдан.kg»