Домой Коом Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты,  экономика илимдеринин доктору: “Акчага кул болуп калсаң...

Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты,  экономика илимдеринин доктору: “Акчага кул болуп калсаң – сага эң чатак кожоюн болот!”

19

Экс-министр Акылбек Жапаров менен бу сапар акча чакыруунун сырлары   жана акчаны кантип туура пайдалануунун жолдору тууралуу баарлаштык.

 -Акылбек мырза, акча сиз үчүн эмне?

-Акча мен үчүн инструмент. Эгерде акча көбүрөөк болсо сен бул жашоодо көп нерсеге жетише аласың. Бирок, акча көп да, аз да болбойт. Анткени, акча ар бир инсандын  насибине жараша болот. Ар кимибиз акчаны барктай билип  бирок, акчага кул болбошубуз керек. Бир жагынан карасаң акча өзү кул. Акчаң бар болсо, баарын жасаганга болот. Бирок акчага сен кул болуп калсаң сага эң жаман чатак кожоюн болот. Акча сага кожоюн болуп алганда биринчи эле  сураган акчасын бергиң келбей жоро-жолдошторуңдан жана бир туугандарыңдан  ажыратат. Үй-бүлөңдө чыр-чатак болот. Анткени, акчааң көп болсо жаш аял алгың келет. Бирок, акчаң түгөнгөндө ал да кетип калат. Аягында жоро-жолдоштон, бир туугандан, байбичеңден  же жаш аялдан жок баарынан куру каласың. Ошондуктан акчага кул болбой өзүңдүн, үй-бүлөңдүн мүмкүнчүлүктөрүн  кеңейтүүгө, билим алууга, саяскат жасоого жана өз ден соолугугуңду калыбына келтире турган инструмент катары карашың керек. Ошондой эле  акчаны да ирээти менен алып жүрүш керек. Мен көп байкайм кыргыздардын арасында азыр кирешени түшүнүп калды, бирок чыгашаны такыр эле эсептебейбиз. Ошон үчүн акча кыргыздарга жукпай жатат. Акчаны бир айда табасың бирок, ошол акчаны бир күндө эле бир тойго же болбосо бир костюмга коротуп коёсуң. Анан экинчи акча мунун артынан  ээрчип келбейт. Сен бир ай тапкан акчаны бир ай коротсоң анан дагы үйгө уюткуну алып калып, көбүрөк таап, азырак коротсоң акча уланат. Ошондуктан бул милдетти үй бүлөдө финансы министрлиги аялзат алышы керек. Балам окууга окуйт же кызым күйөөгө узат деп  аялдар чыгашага  бекем болушу керек. Ошон үчүн аялдар акчага  сараң эмес, сармжалдуу болсо, акча көбөйөт. Ошондуктан  үйгө уютку коюп,  чыр-чатактан алыс болсоң. Акчаны сарамжалдуу пайдалансаң  акча өзү эле келе берет. Эгер ыркыраган, чыркыраган үй -бүлө болсо, эч качан акча турбайт жана  жукпайт. Акчанын тилин да, баркын да  билсең акча бат эле көбөйүп кетет. Аны көптөр билбейт. Бир көйнөк сатып алсам маселе чечилет деп ойлошот. Чынында мен айтан жагдайлар эске алынбаса, акча оңой менен көбөйбөйт.

Мисалы, мамлекетте  жаңы келген президент тарыхта калгысы келип,  пенсияны көтөрүшүм керек, Ош-Бишкек жолун жана Камбар- Ата ГЭСтерин кургула деп  чыгашаны көбөйтүп, кирешени такыр ойлошпойт. Акчаны туура эмес пайдалангандыктан кыргызга акча жукпай жакырчылыктан чыга албай жатабыз.  Ошондуктан премьер-министр болобу, президент болобу мамлекетти кризистен чыгарам, жакырчылыктан куткарам десе, чыгашаны азайтып,  40 машина менен облустарды кыдырганды токтотушу керек. Айтайын дегеним,  Кыргызстанды кыдырып ошончо машинага күйүүчү май коротпой эле, тай сойдуруп жебей эле башкарса болот. Сталин, Брежнев деле СССРди кыдырбай эле  башкарган.

-Акча жугумдуу болушу үчүн айрымдар атайын кызыл кошолёкко салышып, атайын молдо, бүбү-бакшыларга окутуп, акча улансын деп ырым-жырымдарды жасашат экен. Сиз да ушундай ырым-жырымдарга маани бересизби?

Мен андай ырым –жырымдарды колдонмок турсун, маани берип, ишеним да артпайм. Акча көзү ачыгы, кызыл кошолёгу жок эле   иреттүүлүктү, тынчтыкты сүйөөрүн жана аял менен эркек үй-бүлөдө акчаны акылдашып жумшаса, уютку алып кармаса ошол үй-бүлөдө акча көп болорун билем. Анткени, мобул үйгө келсең биздин баркыбызды билет деп акча акчаны  чакырып келе берет. Ошондой эле маңдай тер менен табылган акчаны  адал нерсеге жумшасаң жана ай сайын акчаңдын 40тан бир бөлүгүн садага берип турсаң да, акчаң бат көбөйөрүн билем.

-Акча адамга кубат болобу?

Акча адамга аябай кубат берет. Анткени акча деген  жумушуңдун үзүрү. Канчалык көп иштесең ошончолук көп келип,  сенин мүмкүнчүлүгүңдү ошончолук  көбөйтөт. Мына ошол нерсе адамга  дем да, кубат да берет. Ошондуктан эмгектин үзүрүн кайттыруунун жолун билишибиз керек. Анткени,  эртеден кечке  иштеп,  жарытылуу акча төлөнбөсө, адамдын маанайы  бузулат. Ошондуктан иштеген эмгекке жараша акча өндүрүп алганды билишибиз керек. Бирок акча баарын чечпейт. Акча  бар болсо бардай, жок болсо жоктой  көрүш керек. Акча жок болсо, акчам жок калды деп жакшылыктан үмүт үзүп,  чөкпөш  керек.

-Акчаны карызга берсең акча уланбай калабы?

Негизи колдон келсе акчаны карызга албаш керек. Өзгөчө кредит алам деп жаткандар кредитти алардын мурун  7 жолу өлчөп бир кесиш керек. Айтайын дегеним,  колдон келсе, карызга албай жашаш керек. Жана  карызга да бербеши керек. Эгер карызга алып жастсаң кайсыл убакта берериңди, шартың качан болоорун ачык айтышың керек. Эгер акча берип жатканда ичиң ооруп калса. Ал акча ага да, сага да жукпайт. Эгер акча алып жаткан адам алдабаса, берип жаткан адам чын пейли менен берсе, жайлоого жылкыны чыгыарып жаткандай, күздө короого жылкысы менен келет. Эгерде  ичи ооруп берсе, жайлоодон жылкы сөзсүз жоголуп кетет да же болбосо карышкыр жеп өлөт. Ошондуктан акчаны бапестеп, аяр мамиле кылыш керек.

-Акча кармарда сол алаканыңыз кытышып, алдын ала белги береби?

-Андай деле белги бербейт. Бирок, акчаны кечинде бербеш керек деген ырымды Америкада,Европада,Кытайда анан бизде да колдонорун билем.

-Соода кылып жатканда акчаны сатуучунун колуна бербей, сатып жаткан товардын үстүнө ташташат экен. Соода кылганда бул ыкманы колдоносузбу?

 – Соода кылбаганыма көп  болуп калды. Ошондуктан колуна же сатып жаткан товарынны үстүнө таштаганымды элестете да албай жатам. Негизи кимдир бирөөлөрдүн ырымын  сактайм деп убараланып, акчаны колуна эмес. үстөлдүн үстүнө таштайм деп атып, болгон күч-кубаттын баарын акчаны тапканга эмес, сактаганга жумшагандан сак болушубуз керек. Андан көрө иштеп акчаны көбөйтүш керек. Үй бүлөң менен бирдикте эмгек кылсаң, үйүңдө тынчтык болсо, таман акы маңдай тер менен акча тапсаң кайтарымы да көп болуп, бардык нерсеге жетишесиң.

Булак: Майдан