Домой Азил Акылбек Жапаров дагы үйрөнсө мамлекетти жоготот

Акылбек Жапаров дагы үйрөнсө мамлекетти жоготот

106

Алтынбек Сулайманов жана Акылбек Жапаров

Партия жетекчиси Алтынбек Сулайманов депутаттыкка талапкерлигин койгон Акылбек Жапаровдон сурап жатат:
— Сизди биздин партиянын атынан депутаттыкка көрсөтөрдөн мурун мен сизден сурагым келип жатат, Сиз жалган сүйлөөгө, уурдоого, айлакерликке жөндөмдүү эмессизби?.. Элдин баары сизди ушундай дешет го?
Жапаров:
— Жок, Алтынбек мырза. Мени өзүң билесиң го. Бардыгын билем, бардыгын көргөм. Сен деле далайды көрдүң да. Бирок, эгерде бул сапаттар шайлоодо жеңип чыгыш үчүн керек деп эсептесең, бат эле үйрөнүүгө даярмын!
Анда дагы бир талапкер Аманкул Токтомамбетов тура калып:
— Болду жетет го, Акылбек Үсөнбекович, мындан артык үйрөнсөңүз мамлекеттин таптакыр жоголушуна себепкер болуп, биздин партиянын атын булгайсыз го, – дептир.