Домой Экономика Акылбек Жапаров: 2029-жылы Кыргызстандын бюджети 1 трлн. сомго жетет

Акылбек Жапаров: 2029-жылы Кыргызстандын бюджети 1 трлн. сомго жетет

47
2029-жылы Кыргызстандын бюджети 1 триллион сомго жетет. Мындай билдирүүнү Акылбек Жапаров кечээ, 17-октябрда, министрлер кабинетинин жыйынында жасады.
Министрлер кабинети 9 айдын жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров ички дүң продукциянын өсүшү 108,4 пайыз экенин билдирди.
«Биз «Ак илбирстин секириги» программасын сунуштаганбыз, ага ылайык 2030-жылга чейин, биздин эсептөөлөр боюнча 2029-жылга чейин, 1 триллион сомдук бюджетке жетебиз. Ал үчүн жыл сайын 10-12 пайызга өсүш керек. Азыр 10 пайызга жакындап калдык», — деди кабмин төрагасы.
Министрлер кабинетинен маалымдагандай, продукцияга таза салык былтыркы жылы 103,1 пайызды түзсө, быйыл 108,9 пайызга аткарылган.