Далай майлуу кызматтардын “майын сызгырып” жүрүп мамлекеттин эсебинен байып алган Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты болгондон бери жерди карап баспай, элди карап сүйлөбөй калды. Баскан жолун таптакыр унутту. Мисалы, ал “Бир Болдун” фракция жыйынында: “Азыр биздин чиновниктер мамлекеттин эсебинен байыгысы келип турат” — деген сөздөрдү көп айтып, аткаминерлердин баарына эле акыл үйрөтүү ишин ийгиликтүү улантып жатат. Мына сага, мындай сөздөр эң ириде Жапаровдун так өзүнө тиешелүү. Болгону, “сиз ошентип байып алгансыз” — деп маселени кабыргасынан койгон тиешелүү, анан таасирлүү адамдарыбыз жок болуп жатат. Ал эми калпты чындай, чынды калптай сүйлөгөн, ашкере куу, жеңден шыр эле кончко куюлган бул адам эзели өзүнүн кемчиликтерин, “тоюнуп” алганын мойнуна алып көргөн эмес. Өзүнө карата айтылган сындардын баарын дароо жокко чыгарат. Деги эле, Жапаровду “кустургандар” табылса, эл абдан ыраазы болмок.