Домой Саясат Акыл үйрөтүшпөй ак иштесеӊер болбойбу, байболгурлар…

Акыл үйрөтүшпөй ак иштесеӊер болбойбу, байболгурлар…

43
Кыргыз саясатына акыл, билим деген баалуулуктун такыр кереги  деле жок болуп калды. Акча, тааныш болсо болду. Ошонун сыйкырдуу “керемети” менен  бир жолу бийликтин төрүнө чыгып алса, болду ошол төрдө мантайып, тебелеп-тепсеп абийири кетсе да  жүрө беришет. Андайлар бизде ого эле көп. Алардын ана башындагылардын бири Бакыт Төрөбаев экени талашсыз. Өзү деле жогоруда айткандардан кур жалак калган неме. Көп жүзү бар. Анан өткөндө Кыргызстандагы  турмуш деӊгээлин эшек менен өлчөгөн Бороновду сындап, бир топ божурады. “Турмуш деӊгээлин эшек менен өлчөбөйлү” деп туурасын эле айтты. Бирок өз деӊгээлдери менен иши жоктор, минтип элдин жашоосун калчап  жатканына күйүп кетет экенсиӊ.  Бакиевди айга-күнгө теӊеп, “Ак жолдон” депутат болуп, Каркыраны казактарга жандалбастап карматкандардын биринен эл эмне жакшылык күтүшү керек? Андайлардын бетине түкүрүп, ошол талаада оттоп жүргөн эшектердин арасына кошуп койсо туура болот. Айтор,   Төрөбаевге андай сын айткан такыр жарашпайт экен. Себеби, ал өзү Бороновдон ашып кеткен жери жок. Баары бирдей.  Былыгы толтурат. Эшекти талкуулап бири –бирине акыл үйрөткендөр экономикага тиштери өтпөсө, эмне кылалы… Же ошол “тиштерин” чагып салалыбы?

Булак:Багыт