Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде өтүп жаткан феминналени сынга алды. Албетте, айтканында жүйө бар. Бирок анын сөзүнүн негизги төркүнү Отунбаеваны сынга алуу экени билинди.Кыязы, ошондой тапшырма алган окшойт. Отунбаева ким да, өзү ким? Күзгүгө бир каранып алса болмок. Бир кезде күйөөсү экөө казинолорду иштетип жүргөндө убал, мораль дегенди билчу беле? Сауна, мейманканаларды иштеткенде абийир дегенди эске алдыбы? Суроо көп. “Акыл айтканга уста, ал өзүнө жукса” деген накылды эсине алса…
Булак: Фабула