Домой Саясат Акыйкатчы Токон Мамытов Матраимовдордун доосун караган соттун чечимин сындады

Акыйкатчы Токон Мамытов Матраимовдордун доосун караган соттун чечимин сындады

3

Акыйкатчы Токон Мамытов үч медианын банктык эсебинин камакка алынышы боюнча соттун чечимин сынга алды.

Белгилей кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү Azattyk радиосу, Kloop басылмасы, 24.kg маалымат агенттиги жана журналист Али Токтакуновдун алардын ар-намысына шек келтиргенин айтып, моралдык чыгым катары 60 миллион сом өндүрүүнү талап кылган. Ишти караган Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова ЖМКлардын банктык эсебинен доого коюлган сумманы камакка алган. Көп өтпөй эле кайра Матраимовдордун арызы менен ЖМКлардын эсеби камактан чыгарылган.

Мамытов ар бир судьянын кадамы тагдыр чечүүчү мүнөзгө ээ экенин, акыр аягында ал бүтүндөй өлкө үчүн да маанилүү болорун эстен чыгарбоону эскерткен.

“Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандын жараны катары өз укугунан пайдаланышты. Анткени “кылмышкер” же “коррупционер” деп соттун чечиминен кийин гана атоого болот. Ошондуктан арызы өндүрүшкө алынып, мыйзам талабына ылайык жүрүп жаткан. Бирок окуя күтүлбөгөн нукта өнүгө баштады. 60 миллион сомдук доо талаптарын аткаруу үчүн жетишерлик негиз жок туруп, банк эсептери камакка алынды. Бул өтө чоң сумма гана болбостон, басылмалар банкрот болуп, жабылышына алып келерин баары эле түшүнөт”, — деп айткан Мамытов.

Ошондой эле ал бул иш Акыйкатчы аппаратынын көзөмөлүнө алынганы жана сот процесстерге мониторинг жасалары белгиленет.

“Жоопкерлердин банктык эсептери судья Жылдыз Ибраимова тарабынан шашылыш камакка алынышы Жарандык-процесстик кодекстин 145-беренесине ылайык жүргүзүлсө да Матраимовдор тарабынан талап кылынган 60 миллион сомдук доону сот өндүрүп берчүдөй таасир калтырды. Мындай шартта жоопкер басылмалар Бишкек шаардык сотуна даттанууга болмок. Кырдаал эмоционалдык толкунга келип, активисттердин митинг жана массалык нааразычылык акцияларына чакырык таштоосуна жол берди. Кыргызстандын ЖМКлары да жагдайды тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырышса болмок”, — деди акыйкатчы.Мындан сырткары, Мамытов мыйзамда моралдык зыян үчүн компенсациянын суммасын аныктоо жөнүндө ченемдин жоктугу соттук чаржайыттыкка алып келерин белгилеп өттү. Мындан улам Акыйкатчы институту моралдык чыгымдын эң жогорку суммасын 500 миң сомдон ашырбоону өкмөткө сунуштаган.

Булак: спутник