Домой Коом Активисттер тобу Ошто коркутуу болгонун айтып чыкты

Активисттер тобу Ошто коркутуу болгонун айтып чыкты

9

Ошто жарандык активисттер коркутууга туш болуп жатканын айтып чыгышты. Бул тууралуу активист Улан Үсөйүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 13-январдын кечинде аялдардын коштоосунда келген олбурлуу жигиттер активисттер тобунун Оштон чыгып кетишин талап кылышкан.

«Иш-чара өтүп жаткан жерге келип, «эркексиңби, жүр, чык эшикке» дей башташты. Анан колдон сүйрөй баштады. Телефонго тарта баштасам жулуп алганга аракет кылышты», – деди ал.

Ош шаарына активисттер Улан Үсөйүн, Данияр Аманалиев жана Азизбек Ашуров «Валить нельзя остаться» аттуу семинар өткөргөнү барышкан. Алар аймактардагы жаштар арасында шыктандыруучу семинарларды ырааттуу өтүп жүрүшөт.

Улан Үсөйүн акыркы окуя боюнча милицияга арыз жазганы жатканын кошумчалады. Ал – Бишкекте коррупцияга каршы митингдерди уюштуруп жүргөн активисттердин бири.

Булак: Азаттык