Домой Дүйнөдө Активист Агадилдин денесиндеги «жараат» тууралуу видео тарады

Активист Агадилдин денесиндеги «жараат» тууралуу видео тарады

142

«Ар.Рух.Хак» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Бахытжан Торегожина Интернетте пайда болгон видео Агадилдин өлтүрүлгөнүн далилдей турганын жазды. Норвегиялык Хельсинки комитетинин өкүлү Ивар Дале да маркум активист Нур-Султандагы тергөө абагында сабалган болушу мүмкүн деп шек саноодо.

Укук коргоочу «Твиттердеги» баракчасына казак президенти Касым-Жомарт Токаевден бул кырдаал боюнча түшүндүрмө берүүнү сурады. Президент Токаев 25-февралда тергөө абагында мерт болгон активисттин өлүмү боюнча үн ката элек.

Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Арадан бир сутка өтүп, 25-февралда ал каза болуп калган. Буга чейин полиция активисттин жүрөгү кармап калган болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок активисттин сөөгүн моргдон алып чыккандан кийин тартылган видеодо анын денесинен көгала тактар байкалган.

Булак: Азаттык