Тамашоучу, актёр Актан Рыскелдиевдин жубайы Феруза келиндерге карата кылган мамиле тууралуу кеп козгоду. Анын айтымында, келинди келин деп эмес, кызым деп атаганда гана өз кызындай болот:
“Жаман келин. Эмнеге келин?! Эмнеге кызым эмес?! ⠀⠀
Бир постто суроо бердим эле “Келин деп чакырган жагабы?” деп. Көбүнө жакпайт экен. Мага дагы жакпайт!⠀
Атынан же кызым деп эркелетип кайрылганга эмне жетсин. ⠀
Жолдошубуздун ата-энеси биздин дагы атабыз, апабыз, ошондо биз дагы кызы болобуз да. Чын да.⠀⠀
Негизи оюма көп суроолор келет, анан отуруп алып өзүм-өзүмө жооп берем.⠀
Мисалы, эмнеге кайни же кайын сиңди төргө отурат, а биз улуусу болуп бурчка отурабыз же такыр эле отурбайбыз? Бул законду ким чыгарган?⠀Же устукан бөлүп жатканда бул кызга, а бул келинге. Ошондо эт кызга, а сөөк келинге. ⠀
Коноктор кеткенде жалгыз дасторконду жыйнап, идишти жууйбуз? Эмнеге баарына төшөктү салабыз? Эмнеге тонна кир жууйбуз? Кыскасы, баарын жасайбыз, аягында “бантик с боку” болуп калабыз! ⠀
Менин оюм, мындай үй-бүлөдө сый, тарбия, этикет жана эң башкысы Ыйман жок! Байкуш келген кызды кул кылып, баарына жыймалттырып, жүгүнттүрүп… ⠀⠀
Ким күнөөлүү? Биз өзүбүз! Ушундай мамиле кылганына өзүбүз күнөөлүүбүз! Баарына жакшы көрүнөм деп бүкүрөйүп калдыңарбы? ⠀
Ар бир адам өзүн ордун билиш керек.⠀
Ар бир адамга жагынам дебестен, биринчиден өзүңө жак!Өзүңдү Сыйла!⠀
Муну баш кошо электе билиш керек!⠀Үйлөнгөндөн кийин, башыңызды ийип берип, бүт туугандар буттарын моюнуңузга илгенден кийин кыйын болбой! ⠀⠀
Негизи кеңештерди апаларыбыз бериш керек, бирок, негедир кыз жактан туугандар “Бизди уят кылба, ыймандуу келин бол дешет”. Ошондо тиги жолдошучу?⠀
Мунун баары тээтиги жерден кеткен! Тарбия жетпейт! Ыйман! ⠀⠀
Оюңарды жазып салгылачы.⠀
Ар бир кыйналып аткан аялзатка сабр!⠀Ишенем, сиздин дагы көчөңүздө майрам болот!⠀⠀
Сураныч, буюрса силер дагы кайнене болосуңар, мен дагы, үйгө келген кызды кыйнабагылачы, “менин башыман мунун баары өткөн, эми сен чыда” деп.⠀
Бул пост менин үй-бүлөмө тиешеси жок! Бир күнү жазам, отдельный “жирный” пост”.