Домой Мыйзам Аксынын тургунунун үйүнөн курал-жарактар табылды (видео)

Аксынын тургунунун үйүнөн курал-жарактар табылды (видео)

49

Жалал-Абад областында жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген жаныбарлардын аң-терилери менен куралдар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“40-45 жаштар чамасындагы эркек үйүнө көп сандаган курал жарактарды катып жатат жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушу мүмкүн деген ыкчам маалымат алынган. 5-ноябрда Аксы районунун 47 жаштагы тургуну кармалды”,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган адамдын үйүнөн өзүн-өзү кубаттоочу «Сайга» карабини, Мосина карабини жана колго жасалган бычактар табылган.

Мындан тышкары үйдү тинтүүгө алган кезде сейрек кездешчү жаныбарлар болгон аюу, сүлөсүн, кундуздун терилери табылган.

Мыйзамсыз курал сактоо боюнча кылмыш иши козголду жана Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терилеринин кайдан алынганы боюнча жагдай иликтенип жатат.