12-июлда саат 20:00 чамасында Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоолордун биринде катуу жааган жамгырдан сел жүрүп, жети кишини агызып кетти. Алардын бешөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов билдирди.
Анын айтымында, сел агызып кеткен жети адамдын ичинен бешөөнүн сөөгү саат 22:00дө табылган. Ал эми дагы эки адамдыкы изделип жатат.
ӨКМден жети адамды агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнүн, министрликтин Аксы райондук бөлүмүнөн ыкчам тобу издөө иштери жүрүп жатканын айтышты.
ӨКМ андан сырткары төмөнкү маалыматты берди.
«12-июль саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ал Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду жууп, көпүрөлөрдү бузган. Саат 20:30дар чамасында Жаңы-Жол айыл аймагындагы нөшөрдөн кийинки сел Мал-Калды жайлоосуна барчу ички жолду каптаган», — деп айтылат маалыматта.
Жерине ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу иштеп жатканын, дагы кошумча маалымат берилерин айтышты.
(сүрөт интернеттен алынды)