Домой Коом Аксы: жыйналыш учурунда айыл башчысы каза болду

Аксы: жыйналыш учурунда айыл башчысы каза болду

140

Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Тосту айылынын башчысы Стамалы Мырзатаев 21-августта аймактагы жыйын учурунда жүрөгү кармап каза болду. Бул маалыматты Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы Улукбек Керимкулов “Азаттыкка” ырастады.

Керимкулов билдиргендей, ошол күнү район акими Ыманберди Досбаев катышкан элдик жыйын өтүп жаткан. Стамалы Мырзатаев отурган жеринен жыгылып, дарыгерлер ооруканага алып кетишкен. Айыл башчы ооруканага жетпей жолдон үзүлгөн.

55 жаштагы Стамалы Мырзатаев Ооган согушунун катышуучусу болгон.