Домой Криминал Аксы районунда кайниси бычактаган келин каза болду

Аксы районунда кайниси бычактаган келин каза болду

51

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 18-апрелде, катталган.

“Кербен шаарынын 35 жаштагы тургунун өз үйүндө бир тууган кайниси ич тарапка бычак сайган деп шектелүүдө. Ал окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. 30 жаштагы шектүү жигит окуя болгон айылдан качууга аракет кылып жаткан учурда ыкчам иш-аракеттердин негизинде колго түшүрүлгөн”, – деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 138-беренесинин (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Милициядан учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, окуянын эмнеден келип чыкканын кийинчерээк маалымдай турганын айтышты.