Домой Дүйнөдө АКШда TikTok тиркемесин колдонууга тыюу салынды

АКШда TikTok тиркемесин колдонууга тыюу салынды

277

АКШда кытайлык TikTok жана WeChat тиркемелери 20-сентябрдан тарта мобилдик видео жана тексттик билдирүүлөрдү жөнөтүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу АКШнын Соода министрлиги жарыялады.

Ошондой эле WeChat аркылуу АКШга акча которууга же төлөмдөрдү иштетүүгө тыюу салынат.

Вашингтондун айтымында, тиркемелерди иштеп чыгуучулар Кытайдын чалгындоо агенттиктери менен кызматташууда жана WeChat жана TikTok колдонуу АКШнын улуттук коопсуздугуна жол берилгис тобокелчиликтерди жаратат.

“Бүгүнкү иш-аракет президент Дональд Трамп биздин улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана америкалыктарды Кытайдын Коммунисттик партиясынын коркунучтарынан коргоо үчүн колунан келгендин баарын жасай тургандыгын дагы бир жолу далилдеди” деди АКШнын соода министри Уилбур Росс.