Домой Дүйнөдө АКШда тарыхтагы эң кымбат унаа номери сатылууда

АКШда тарыхтагы эң кымбат унаа номери сатылууда

129

Анда болгону эки гана символ бар – ММ тамгалары. Анын баасы 24 миллион долларга бааланууда. Азыр бул номер, баасы 360 миң долларды чапчыган McLaren 765 LT унаасында тагылуу.

Белгилеп кетсек, Калифорнияда бүгүнкү күндө 35 миллиондон ашык унаа номери катталган. Алардын ичинен эки символдуу номерлер сейрек кездешүүчү жана кымбат болуп эсептелет.

Эгер номер ушул баага сатылса, анда ал дүйнөдөгү эң кымбат унаа номери болуп катталат.