Домой Саясат Акматалиев кошоматчылыктын мурда болбогон үлгүсүн көрсөтүүдө….

Акматалиев кошоматчылыктын мурда болбогон үлгүсүн көрсөтүүдө….

50

Ар бийликтин тушунда мансап, кызмат үчүн бир жаны төрт чарчы болуп бийликти жактап, мактап кошомат кылган Арзыматтар болот.

Болуп келген, мындан ары да боло берет. Андай дүжүрлөрдө ар да, намыс да болбойт. Ашмалтайы чыкса деле көлдөлөң болуп төшөлүп, ак-карасын ылгабай эле ода ырын созо беришет. Бул бийликтин тушунда ошондой вазийпа президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиевге ыйгарылыптыр.

Таланты, жөндөмү бар экен, кошоматчылыктын мурда болбогон үлгүсүн көрсөтүп, тагылган милдетин ашыгы менен аткарып жатат.

Жөндөмдүүлөргө айла жок тура..

Булак: «Фабула«