Домой Саясат Аким тарабынан басмырланган эки журналист жумуштан кетти

Аким тарабынан басмырланган эки журналист жумуштан кетти

36

Өзбекстанда Kun.uz агенттигинин эки журналисти – Зафарбек Солижонов менен Баходир Ахмедов​ 18-ноябрда жумуштан өз каалоолору менен кеткенин билдиришти. Алардын айтымында, буга Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артыкхожаев менен чырдашуу себеп болгон.

Журналист Баходир Ахмедов​ Telegram-каналына: «Бүгүн биз утулган жокпуз. Жаңыдан ойгонуп келе жаткан сөз эркиндиги утулду, пресса утулду. Жахонгир-ака, мен сизге айтып коеюн, мен иттин баласы эмесмин, мен макулук эмесмин. Мага иш табылат деп ишенем! Сиздерден болсо журналисттердин укугу корголбогон, пресса алсыз болгон доордо Kun.uz басылмасын күнөөлөбөөнү суранам», –​ деп жазды.

Анын кесиптеши Зафарбек Солижонов да ушундай эле өңүттө билдирүү калтырган.

Kun.uz интернет-басылмасы журналисттердин жумуштан бошотулушу боюнча комментарий бере элек.

16-ноябрда интернетке үнү Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожоевдикине окшош адам журналисттерди кемсинтип, коркутуп жатканы жазылган аудиотасма жарыяланган.

— Деги алар ким? Алар – макулуктар!!! Алар адамдын баласыбы же иттин баласыбы? Принциби жок байкуштар, корооздор. Мен силерге көрсөтөм. Силерди кумса деп эле койсом болду. Таксиге кумса менен отургузуп, сүрөткө тартып койсом бүттү, кумса болуп каласыңар, — деген ал.

Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артыкхожаев коркутуп-үркүткөн журналисттер Kun.uz сайтында иштей турганы аныкталган.

18-ноябрда Kun.uz басылмасы Жахонгир Артыкхожаев менен болгон талаш-тартыш жөнгө салынганын маалымдаган.

Бул арада социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде Ташкент шаарынын башчысын отставкага кетирүү чакырыктары уланууда. Facebook, Twitter жана Telegram колдонуучулары журналисттерин басмырлап, коркутуп-үркүткөнүнө карабай, Kun.uz басылмасы Ташкент башчысы менен элдешип алганын кескин айыпташууда.

Булак: centralasian