Домой Саясат Аким Самарбек Болотбеков иштейби? Мэр анын ишин билбейби?

Аким Самарбек Болотбеков иштейби? Мэр анын ишин билбейби?

63

Самарбек Болотбеков

КСДПнын жаштар арасындагы ишеничтүү, ийилчээк Самарбек Болотбеков деген кадры бар. Мурун жаш экенине, тажрыйбасы дээрлик жок экенине карабай мэрияда чоң кызматты ээлеп олтурган. Андан кийин аны Ак үйдөгү “крышалары” Бишкектеги эң чоң, акчасы арбын Свердлов районуна аким кылышты. Аким катары эмне иш жасап жатканы көпчүлүккө белгисиз. Маселен, алыс кетпей эле район ичиндеги “Чыгыш-5” кичи районуна жакын (“Таалай” базарынын арты) жерде көчөлөрү (Таллин, Ереван ж.б.) жалаң СССРдеги мамлекеттердин борбор шаарларынын аттарын алган өзүнчө бир квартал бар экен. Ошол жер эчактан бери каралбай, жолдорунун тамтыгы чыгып, бомба түшкөн Сириядан да жаман болуп кеткенин ошол жердин жашоочулары биздин редакцияга айтып келишти. Көп кары кишилер “көчөлөрүбүзгө асфальт түшкөнүн көрүп өлсөк болот эле”- деп арман кылышат экен. Көрбөй да арманга батып, кете бергендер болуптур. Андан да жаманы ошол кварталды “сноско” кетет деп 30 жыл илгери эле айтышкан дешет. Ошондон бери, кетерин, же кетпесин ачык айтпай, жергиликтүүлөрдү жаман убайымга салып жатышыптыр. Райондун акими Самарбек мырза деги өзү тейлеп жаткан райондо ушундай квартал бар экенин билет болду бекен? Билсе, жок дегенде аким катары жолду оңдоого мэрияга кайрылып, демилге көтөрбөйбү? Болбосо, мэр Албек Ибраимов бул акимдин ишине көз салып койбойбу?