Домой Коом «АКИ-пресстин» сурамжылоосунда Сооронбай Жээнбеков дагы биринчиде!

«АКИ-пресстин» сурамжылоосунда Сооронбай Жээнбеков дагы биринчиде!

49

 

1400247.1.1503285984

Президенттик шайлоону утурлай ар кайсы маалымат каражаттары, түрдүү уюмдар социологиялык сурамжылоолорду жүргүзүп, ажолукка аттангандардын кадырын тымызын иликтеп, аларга өз бааларын берүүдө. Кыргызстандагы абройлуу саналган “АКИ-пресс” маалымат агенттиги буга чейин да дал ушундай сурамжылоо жүргүзүп, анда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыга озуп чыккан эле.

8-августта аталган агенттик кайрадан иликтөөсүн баштап, ал 17-августка чейин уланды. Дээрлик 10 күнгѳ созулган сурамжылоодо окурмандардын 43,68 пайызы  (2559 добуш) Сооронбай Жээнбековго ишеним артып, учурдагы өкмөт башчысы биринчиликке чыкты. Ал эми экинчи орунду камсыз кылган парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 39,98% же 2342 добуш алган. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев 7,55% (442 добуш) менен 3-орунга илешти.

Бул сурамжылоодо “бир адамга – бир добуш” принциби сакталып, эч кандай көз боёмочулукка жол берилген эмес. Негизги атаандаштык Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда жүргөнү жогорудагы жыйынтыктан эле даана кѳрүнүп турат. prednisone.

Дүйнөлүк практикада дал ушундай сурамжылоолор эле шайлоонун алдын ала жыйынтыгын аныктап кое турганын эске алганда Сооронбай Жээнбековдун шансы жогору экенин түшүнсөк болот. Анын үстүнө, өкмөт башчысынын 1,5 жылдык ишмердүүлүгүндѳгү ийгиликтер, чечкиндүү аракеттери бир топ аброй алып келди. Албетте, элдин чыныгы маанайы 15-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгынан кийин билинери калетсиз.