Домой Саясат Акчалууларды качырып жиберишет

Акчалууларды качырып жиберишет

3

Биздин өлкөдө укмуштай окуялар болгон жана боло берет. Акчалууларды качыруу боюнча алдыга эч кимди чыгарбайбыз. Бул адатты айрыкча экинчи төңкөрүштөн кийин колдоно башташты. Ошол эле Данияр Үсөновду, С. Балкыбековду, К. Исаевди, А. Ногоевди, Бакиевдин жанында жүргөндөрдү колунда чылбыры барлар шыбагасын алып туруп сыртка чыгарып жиберишкен. Азыр ошолор оокатын чет жерде жасоого мажбур.

Ал эми бир жыл мурда болсо өкмөттүн “ортон колдой” орун басары, депутат болуп кайкалап жүргөн кишини-Аскарбек Шадиевди “учма килемге” отургузуп Америкага жумшак узатып коюшту. Анын ченеми жок кыймылсыз мүлктөрү, банктагы акчалары күм-жам деле болгон жок, ишенимдүү колго тийди. Узун кулактардын божомолуна таянсак анын бизнеси Америкада деле ийгиликтүү жүрүп жатыптыр. Көрсө акчаң болсо башка жерде деле эрке талтаң болууга шарт бар экен. Анча мынча майдараак “көз боёгучтар” дагын безип жүргөнү боюнча кеңири маалымат болбой жатканынын төркүнү маалым. Кечээ эле 12 жылга кесилди деген Насирбек Алмаматовду да саманга түшкөн ийнедей издеп калышты. Чамасы дагы бир эпчилдер аны чек арадан чыгарып койсо керек деген кептер чыкты. Кыйын “оперлер” табалбай жатса анда шалтурук өлкө болгонубуз ачык эмеспи. Айтор, капчыктуулардын эле заманы болуп баратканы кашкайып байкалып калды. Анткени менен коомчулуктун дүрбөөсү менен кыйла кишинин жүрөгү болк этти. Өзгөчө шылуун соттордун кан басымы өйдөлөп кеткенин бааамдоого анча акылдын зарылдыгы жок.

Булак: “Ачык сөз”