Домой Саясат Акча сапыргандар деле санаага батышат

Акча сапыргандар деле санаага батышат

57

Байлыктын түбүнө жеткен ким бар дейсиң? Болгон сайын ачкөздөнө баштайт турбайбы? Болбосо Ислам Каримовдун эрке кызы Гүлнарага эмне жетпеди десең? Ошол “илдетин” байкаган кыраа атасы бекер жерден көзү тирүүсүндө кызын зынданга салбаса керек? Миллиондогон жашылбайларды чет өлкөлөрдүн банктарына катканы акыры билинип, ошол дүнүйөкорлуктун азабын эми тартып жатат го.

Азыр сенатты башкарып жаткан Нурсултан Назарбаевдин Даригасынын дарегине да “котур таш” ыргытылды жакында. Көрсө Лондондогу 100 миллион долларлык кыймылсыз мүлктөрүнө “арест” коюлуптур. Мындай маалыматтын чындыгы болбосо чыкмак эмес. Аттиң, байлык топтоонун жыргалынан сырткары азабы да болорун турмуш тастыктап жатат. Кыргызстанда “мелкий” байлыгы бар аялзаты ого эле көп. Баарынан капчыктуусу Аманда экенине шек жаралбастыр?

Мейли ичи тардык кылбайлы, бирок маалы келгенде “каптагы шибеге” акыры тешип чыгаары айныксыз эмеспи…

Булак: Ачык сөз